АКШнын Коргоо министрлиги Кара деңиздин үстүнө кулап түшкөн америкалык учкучсуз учактын камерасынан алынган видеону жарыялады. Видео Пентагондун визуалдык маалыматты жайылтуу кызматынын сайтында пайда болду.
Учкучсуз учактын канатынын астындагы камерадан алынган кадрларда орусиялык Су-27 истребителинин учкучсуз учакка жакындап, анын үстүнөн учуп өтүп бара жатып күйүүчү май төгүп жатканын көрүүгө болот. Экинчи жолу күйүүчү май төгүлгөндө Су-27 учкучсуз учакка тийип, натыйжада учкучсуз учакка зыян келтирген.
14-мартта америкалык MQ-9 Reaper учкучсуз учагы Кара деңиздин үстүндө байкалган. Учкучсуз учак башкаруудан чыккан. АКШ мунун себебин Су-27 согуштук учагынын дронго тийгизген кооптуу маневри деп билдирди. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, учкучсуз учак Украинадагы согуш башталгандан бери Орусиянын аба чек арасын бузуп келген.
Ал эми бул окуя Орусия президенти Владимир Путинге жеткирилгенин анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирген.