Дүйнө чемпиондугунун 4 жолку катышуучусу Роналдо 4-ирет үйлөнөт

Атактуу бразилиялык футболчу, ФИФАнын “Алтын топ” сыйлыгынын 2 жолку ээси брзилиялык Роналдо 4-ирет үйлөнөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда европалык басылмалар кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, ал бразилиялык белгилүү ди-джей, 28 жаштагы Паула Мораис болмокчу. Экс-футболчу үйлөнүү тууралуу сунушту сүйүктүүсүнүн туулган күнүндө киргизген. 2014-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун Чүчүкулак таштоо аземи жыйынтыкталар замат сүйүктүүсүнө барып, нике шакегин таккан. Анын сүрөтүн футболчу социалдык тармактардагы баракчасына жайгаштырган. Бүлө куруу алдында турган сүйүү ээлери 2012-жылы Уругвайдагы кечелердин биринде таанышканы айтылат. 

Эске салсак, 37 жашка чыккан белгилүү футболчу Роналдо ушуну менен 4-ирет никеге турат. Буга чейин ал түрдүү жылдары Милене Домингес, Даниэле Чичарелли жана Биа Антони аттуу айымдар менен түтүн булаткан.

Эске салсак, Роналдо 4 ирет футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышкан. Ал Дүйнө чемпиондугунун финалдык баскычында киргизилген голдордун саны боюнча рекорд ээси. Роналдонун эсебинде 15 гол бар.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gooool
2013-12-10 15:41:17
жалан сулуу айымдар экен...
0
A_l_i_b_e_k
2013-12-11 02:31:37
Бул да болсо жетишкендик, 4 жолу үйлөнүү бул да өзүнчө сыйлык.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан