Кыргызстанда сот системинде учурда 447 бош кызматтык орун бар. Муну бүгүн, 10-декабрда Сотторду тандоо кеңешинин жыйынында кеңештин төрагасы Шамарал Майчиев билдирди. Бош орундардын 201ине сынак жарыяланганы да айтылды. Маалыматка таянсак, сынакка катышууга 615 талапкер арыз берип, анын 581и тандоодон өттү. 219 талапкер президентке сунушталып, 138 адам судьялык кызматка дайындалышты.