Бүгүн, 10-декабрда Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жана Балыкчы шаарында антимитинг өтүп жатат. Эки жакта тең 300гө жакын адам бар. Алар "Жети-Өгүз районунда өтүп жаткан митингдерде мыйзамдар бузулбасын, жолдор жабылбасын” деген сөздөрдү айтып жатышат. Мындай билдирүүнү, Ысык-Көл ОИИББнин басма сөз кызматынын өкүлү Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында, митинг бүгүн, 10-декабрда болжол менен саат 12:00дө башталган. Учурда да уланып жатат. Митингге чыккандар - карапайым адамдар.
Ал эми Жети-Өгүз районунда өтүп жаткан тынчтык митингинин катышуучусу Абай Узаков: “Бөкөнбаев айылында антимитинг өтүп жатканын билбейт экенмин. Бирок Балыкчыда 30дай адам митинг өткөрүп жатышат деп уктум. Аларды "Кумтөр" каржылап жатканы көрүнүп эле турат”,- деп билдирди.