Бүгүн, 25-мартта легендарлуу “Биз” тобунун жетекчиси, ырчы Бактияр Токторов 53 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланыштык.
"Негизи эле туулган күнүмдү өткөрбөйм. Жакындарым куттуктап коюшат" дейт ырчы.
Ырчы Бактияр Токторов 1970-жылы Лейлектин Коммунизм айылында туулган. Суворов атындагы аскердик окуу жайды бүткөндөн кийин политехникалык институтка тапшырган. Ал жактан ыр дүйнөсүнө жакын балдар менен гитара чертип, ырдап жүргөн. 1990-жылы “Кыргызстан” деген топ түзүп, “Периштем”, “Айпери”, “Таң чолпон жылдызым” аттуу ырларды жараткан. Кийин "биздин ырлар" деп жүрүп, топтун атын "Биз" деп өзгөртүшкөн. Ырчыга 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылган. Репертуарында "Буй буй", "Адина", "Аппагым", "Лейлек", "Айгүлүм" жана башка көптөгөн ылары бар.