Бүгүн, 10-декабрда ЖКнын Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети өкмөттүн 2012-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчётун колдоду. Жыйында депутат Азамат Арапбаев отчётту колдоого каршы чыкты. Айтымында, бюджеттин аткарылбай калышына күнөөлүү адамдардын маселесин караш керек. Депутат айтчу сөзүн бул маселе каралып жатканда жалпы жыйында айта турганын билдирди.