Бүгүн, 27-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Жаныбек Абировду депутаттык мандатынан ажыратты. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ушул эле күнү Абиров мандатын тапшыруу чечимин кабыл алганын жарыялаган болчу.
Ал өзү катышкан мушташ талкуу жаратканын, окуянын олуттуулугун түшүнүп, жоопкерчиликти сезип жатканын жана мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экенин белгилеген.
Мыйзамга ылайык, Бишкектин Ленин райондук округунда кайрадан шайлоо өтөт.
Эске сала кетсек, 12-мартта Жаныбек Абиров мушташка катышканы белгилүү болгон. Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылган.
Бул кадамы үчүн Абиров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элден кечирим сураган.
Ал эми 15-мартта Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировго карата кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн Башкы прокурор киргизген сунушту карап, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.