24-декабрда жол кырсыктарынын санын кыскартуу темасында Жогорку Кеңеште парламенттик угуу өтөт. Мындай чечим бүгүн, 10-декабрда ЖКнын Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында кабыл алынды. Жыйында депутат Дастан Бекешев демилгелеген “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” КРнын Кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоор жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулду көтөрүүгө багытталууда. Талкууда бир катар сунуш, пикирлер айтылып, жыйынтыгында мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүү чечими кабыл алынды.