Таиланд оппозициясы Йинглак Чинаваттын премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматынан бошотулуусун талап кылышууда

Таиланд оппозициясы премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Йинглак Чинаваттын 24 саатта кызматын өз эрки менен тапшырып кетүүсүн талап кылууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Белгилей кетсек, Йинглак Чинават кечээ, 9-декабрда Бангкоктогу милиция кызматкерлери менен демонстранттардын кагылышуусун токтотуу үчүн кызматтан кеткенин кабарлаган. Ал Таиланд ханы Пхумипон Адульядетке кызматтан бошотуусун өтүнгөн арыз менен кайрылган. Хан анын өтүнүчүн канааттандырып, кайра эле аны жаңы парламент шайланып, өкмөт куралгычакты премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Ушундан кийин оппозиция өкүлдөрү Чинаваттын бул кызматты да тапшыруусун талап кыла башташкан. 
Бүгүн эртең мененки өкмөттүн отурумунда Йинглак Чинават “Менин премьер-министрдин милдетин аткаруучулук кызматынан кетишимди талап кылганга негиз жок. Андыктан оппозициянын талабы орундалбайт” деди. 
Белгилей кетсек, өкмөттүн отуруму Таиланд армиясына караштуу спорт клубдарынын имараттарынын биринде өткөн. Анткени өкмөт үйү азыркыга чейин демонстранттардын көзөмөлүндө. 
Кошумчалай кетчү жагдай, кечээ Йинглак Чинаваттын “Пхыа Тхаи” партиясынын өкүлдөрү партия парламенттик шайлоого катышарын, жеңишке жетишсе, Йинглак Чинаватты кайрадан премьер-министрликке дайындаарын кабарлаган.
Парламенттик шайлоо 2014-жылдын 2-февралына белгиленген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан