“Электр станциялары” ААКынын басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2013-жылдын 10-декабрына карата 14 миллиард 438 миллион метр кубду түздү. Суу сактагычка кирген суунун агымы бүгүн секундасына 162 метр куб болсо, өткөн жылы ушул күнү 183 метр куб болгон. Ал эми суунун агып чыгышы 2013-жылы 10-декабрда секундасына 672 метр кубду түздү. 2012-жылы дал ушул күнү бул көрсөткүч 601 метр куб болгон.