Эртең, 11-декабрда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. Бул туурасында “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, №169-трансформаторду оңдоо иштерине байланыштуу Дэн Сяопин, Месароша, Корей, Сельпов көчөлөрүндө жарык өчүрүлүшү ыктымал.
Ошондой эле Кара-Балта шаарынын, Новониколаевка айылынын бир бөлүгүндө электр жарыгы 09:00дөн 17:00гө чейин жок болушу күтүлүүдө.