Ошто арматура менен катуу сабалган жаран: Дагы бир шектүү кармалды. Ал негизги фигурант

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектелген тогузунчу адам кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын башында киши өлтүрүүгө жана арматура менен жаранды сабоого шектелип Өзгөн районунун 25 жаштагы Ж.А. аттуу тургуну кармалды.

Тергөө кызматынын маалыматы боюнча кармалган жаран кылмыш иши боюнча негизги фигуранттардын бири.

Белгилей кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү мыкаачылык менен сабалып, бирөө каза болгон. Өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу делип кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досонов кармалган болчу.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында онго жакын адам издөө жарыяланган. Бул кармалган жаран кылмыш ишинин алкагында 9-кармалган адам.

Учурда издөө жарыяланган акыркы адамды кармоо боюнча иштер уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан