Кыргызстандын сырткы товар жүгүртүүсү 2013-жылдын январь-октябрь айларында 6 миллиард 101,2 миллион долларды түзгөн. Бул өткөн жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 10,6 пайызга көп. Улуттук статистикалык комитеттин берген маалыматына ылайык, импорттун көлөмү 4 миллиард 804,1 миллион доллар болсо, экспорттун көлөмү 1 миллиард 297,2 миллион долларды түзгөн. Экспорт өткөн жылга салыштырмалуу көп өлчөмдө аткарылган. Буга алтындын баасы 1,4 эсеге кымбат экспорттолуп, жалпысынан 864,2 миллион долларды түзгөнү себеп болгон. Импорттун көлөмү да өткөн жылга салыштырмалуу көбөйгөн. Пластмасса жасалгалары, химиялык каражаттар, минералдык азыктар, жеңил өнөр жай тармагындагы жабдыктар өлкөгө киргизилген.