Кечээ, 30-мартта Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев айыл өкмөттөр менен бирге Суу-башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылы менен Өзбекстандын Шархабат айылы менен чектешкен жеринде Өзбекстандын акими баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ак-Өтөк айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Газноо айылы чектешкен жеринде башталып, сугат суу маселеси каралды. Жыйынтыгында, Өзбекстандын Газноо айылынан Ак-Өтөк айылына өтүүчү сугат суунун көлөмүн көбөйтүүнү макулдашты.
Ошол эле учурда өзбек тараптын Суу-Башы айыл өкмөтү жана Сох району аркылуу өткөн Кожешкен дарыясынын нугун өзгөртүү аракети макулдашылып, чек ара сызыгына жакын жерде өзбек жарандарынын жүргүзүп жаткан жазгы талаа иштери токтотулду.
Ал эми кыргыз тарап Кара-Токой айылындагы Ширеч суу алуу түйүнүндө курулуш иштерин жүргүзүүнү макулдашты.
Андан кийин жолугушуу эки тараптын чек арачыларынын катышуусунда Кыштут айыл өкмөтүнүн Сай айылынын Варган жерлиги менен Сох району чектешкен жеринде уланды. Жолугушууда Сай айылынын тургуну Усманов Нуридиндин короосуна жакын жерден өтүүчү өзбек чек арачыларынын наряды алынып, Кыргызстандын УКМКсынын наряды саат 08:00дөн 17:00гө чейин жүрүүсү макулдашты.
Жолугушуудан кийин Учкунбек Жоробаев Сай айылынын тургуну Усманов Нуридинге такталбаган маалыматты таратуудан алыс болуу, эл арасында провокациялык аракеттерди жасабоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.