"Даңазалуу доор" сериалындагы актриса пластикалык операция жасаткандан кийин сынга кабылды

“Даңазалуу доор” сериалында Махидеврандын кызматчысы Гюлшан хатундун ролун аткарган актриса Нихан Бююкаач пластикалык операциялар менен алектенип кеткенин түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Нихан Бююкаач оозунун формасын өзгөртүп, бетинин терисин тарттырып, акыркы сүрөттөрүнө караганда, актриса пластикалык операцияларга кызыгып кеткени байкалат. Мындан улам актрисанын дарегине күйөрмандары тарабынан “Бетиңе эмне болгон?”, “Бул ирет абдан ийгиликсиз жасалып калыптыр, бетиңди эмнеге бузуп алдың? Абдан сулуу айым элең го?”, “Сиз өзүңүздүн өзгөчөлүгүңүздү жоготуп алдыңыз” жана башка комментарийлер жазылууда.

Эске салсак, Нихан Бююкаач “Даңазалуу доор” сериалына тартылгандан кийин турмушка чыгып, кыздуу болгон. Ошону менен катар актрисалык карьерасы дагы өнүгө баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан