Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абировдун иши боюнча жазылган тосмо арыз милицияга түштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков түз эфирде билдирди.
"Жактоочунун өтүнүчүнө ылайык, тосмо арыз түшкөн. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Жүргүзүлгөн бардык тергөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча акыркы процессуалдык чечим кабыл алынат", - деди ал.
Эске сала кетсек, 12-мартта Жаныбек Абиров мушташка катышканы белгилүү болгон. Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылган.
Бул кадамы үчүн Абиров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элден кечирим сураган.
Ал эми 15-мартта Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировго карата кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн Башкы прокурор киргизген сунушту карап, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.
27-мартта Жаныбек Абиров жоопкерчиликти сезип жатканын айтып, депутаттык мандатын тапшыра тургандыгын билдирген. Анын арызы БШКда каралып, Абиров мандатынан ажыратылган.