Оорудан улам окууга барбай калды. 19 жаштагы Бибигүл операциясы үчүн элден жардам сурайт

19 жаштагы Бибигүл Азизбек кызы башына операция жасатуу үчүн кайрымдуу элдин жардамына муктаж болуп турат. Ага дарыгерлер башында шишик (опузоль) бар деген диагноз коюшкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын атасы Азизбек Туялиев билдирди.

Айтымында, Түркияда жасала турган операцияга 40 миң доллар керек болуп жатат.

"Кызым былтыр декабрь айында ооруп баштаган. Дарыгерлер башында шишик бар деген диагноз коюшту. Учурда 4-шаардык ооруканада дарыланууда. Келинчегим жанында. Шишик талуу жерде болгондуктан дарылануу Түркияда өтөт. Ал боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Болжолдуу 40 миң доллар каражат керек экен. Өзүбүздүн чамабыз чектелүү болгондуктан коомчулуктан көмөк сурап жатабыз. Кайрымдуу элим, ыйык Орозо айында жардам колуңуздарды сунарыңыздарга ишенем", - деген Туялиев 3 кыз, 1 уулу бар экенин, Бибигүл үйдүн тун кызы экенин кошумчалап өттү.

Бибигүл Кыргызстан Эл аралык университетинде билим алып жаткан, оорунун айынан окууга бара албай калды.

Белгилей кетсек, Бибигүл Азизбек кызы Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Сбербанк: 5469670030233509

+79994513897

Элкарт (Компаньон банкы): 9417728894288285

Мбанк: 4177490167284779, 0700751845

Элсом: 0700 751 845

VISA (Оптима банк): 4169585354169228

Байланыш үчүн номерлер: Апасы: 0700 751 845, Атасы: 0700 043 443

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан