"Таштандыны туш келди таштабаңыз!". Борбордо "Тазалык" түнкү рейддерди жүргүзүүдө

"Тазалык" муниципалдык ишканасы түнкү рейддерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Тазалыктын" кызматкерлери башаламан таштанды фактыларын аныктоо үчүн түнкү рейддерге чыгышууда.


"Рейддин жүрүшүндө курулуш калдыктарын, тигүү калдыктарын, малдын ичеги-карындарын, терилерин жана башка катуу таштанды категориясына кирбеген таштандыларды чыгаруу фактыларын аныктайбыз.

Рейддин жыйынтыгында 35 мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Таштанды ыргыткан жарандарды аныктоо үчүн бардык материалдар Бишкек шаарынын патрулдук милиция башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Аларга Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар» кодексинин 115-беренеси боюнча айып пул салынат", - деп жазылат мекеменин маалыматында.


Эске салсак, Бишкекте мындай 20 пункт бар:

Ленин району боюнча:
- Фрунзе-Циолковский;
- Гагарин-Саранская;
- Айни-Муромская;
- Дагестан – Айни;
- Красноводский көчөсү №3 көчөлөрүнүн кесилишинде;

Свердлов районунда:
- Энергетиктер шаарчасы №5 үй;
- Гаражная-Салиева;
- Элебесов-Байкальская;
- Тула №½;
- Мусоргский-Фере көчөлөрүнүн кесилишинде;

Биринчи май району:
- Кайназарова-Троицкая;
- Кемин-Темиров;
- Дэн-Сяопин-Каракум;
- Рыскулов - Ак-Муз;
- Кайназарова — Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде;

Чоң-Арыкта:
- Кожобергенов-Мусулмакулов;
- Чортеков-Ак-марал;
- Чортеков-Күйүкова;
- Чортеков-Ахунбаев;
- Чортеков - Алты-Түтүн көчөлөрүнүн кесилишинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан