Ош. Шаарда жаштар арасында суицидге каршы тегерек стол өтөт

Эртең, 11-декабрда Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан жаштар арасында суицидге каршы тегерек стол уюштурулууда. Аталган иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Дастан Ходжаев, шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Сонунбек Жунусбаев жана комитеттин кызматкерлери, милиция кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары, шаардагы жогорку жана орто окуу жайдын студенттери, мектеп окуучулары катышат. Тегерек столдун жүрүшүндө жаштарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, суициддин алдын алуу маселелери каралат. Бул тууралуу аталган комитеттин адиси Махаббат Ибрагимова билдирет.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан