
Эртең, 2-апрелде веложүрүштүн ачылышына байланыштуу Бишкектеги айрым көчөлөр жабык болот. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
"2-апрелде саат 8:50дөн баштап "Ала-Тоо" аянтынан тартып Чүй проспекти Панфиловдон баштап Абдрахманов көчөсүнө чейин, андан ары Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" паркына чейин жабык болот", - деп айтылат маалыматта.
Жүрүш саат 09:00дө "Ала-Тоо" аянтынан башталып, саат 10:30да Дайыр Асанов атындагы парктан жыйынтыкталат.
Мэрия жашоочулардан ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жабык жолдорду эске алуу менен сапарды алдын ала пландоого чакырат.