Ош шаарында 3 бала бакча жана бир нече мектеп курулууда (фото)

Ош шаарында бир эле мезгилде 3 бала бакча жана бир нече мектеп курулуп жатат. Бул туурасына калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, шаар мэри Бакытбек Жетигенов билим берүү объектилеринин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мэр Ак-Тилек кичи районундагы 100 орундуу бала бакчанын, Жапалак айыл аймагынын Керме-Тоо айылында курулуп жаткан 100 орундуу бала бакчанын, Курманжан-Датка атындагы №31 мектептин кошумча корпусунун жана спорт залынын курулушун көрүп чыкты.

Калаа башчысы курулуш иштеринин сапатына жана мөөнөтүнөн кечиктирилбей бүткөрүлүшүнө көңүл бурууга чакырды.

Белгилей кетсек, учурда шаарда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 бала бакча жана республикалык бюджеттин эсебинен бир нече мектеп курулуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан