Бишкекте "Сөз эркиндиги" аллеясы пайда болду

Бишкектин “Ынтымак” сейил багында “Сөз эркиндиги” аллеясы пайда болду.

Экологиялык бак-дарак отургузуу акциясына массалык маалымат каражаттарынын 100гө жакын өкүлдөрү жана блогерлер катышты. Ага SUPER.KG порталынын өкүлдөрү да барды. Анын алкагында 200 түп көчөт отургузулду.

Иш-чара “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, “Ынтымак” сейил багында өткөн акциядан кийин Чүй облусунун Аламүдүн районундагы генерал С.Самсалиев атындагы орто мектебинин аймагына дагы 200 түп көчөт отургузулду.

Акциянын алкагында жалпысынан 400 көчөт отургузулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан