Бүгүн, 10-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Ош шаарынын Жим көчөсүндө жайгашкан №79-Чолпон орто мектебинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана мектепке чейинки мекемелерде окуп жаткан балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча облустук семинарга катышышты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, семинарда ӨКМнын куткаруучулары жаш өспүрүмдөрдү мекенчил, патриот болууга үндөшүп, кырсыктардын алдын алууда жана кырсык учурунда, ошондой эле кырсыктардын кесепеттерин жоюуда өзүн алып жүрүү жана куткаруу аракеттерин үйрөтүштү. Иш-чарага Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат райондорунун мектеп директорлору менен бала бакчалардын башчылары катышышты.