Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерден биринчи арыз келип түштү

Бишкектеги № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу жөнүндө талапкерден биринчи арыз келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-мартта БШКга Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлигин добушка коюу жөнүндө талапкер Эркин Булекбаевден арыз келип түштү.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде (кошуп алганда) аяктайт.

Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан