«Улуттук банк банктар менен акча алмаштыруу жайларына,.. тагыраагы өлкө кызыкчылыгына каршы» деген макаласына Улуттук банктын жообу

Улуттук банк ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча туруктуу иш алып барат. Анын алкагында “Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобого өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн долбоору иштелип чыгып, коомчулуктун талкуусуна чыгарылган.

Бул долбоордун максаты кошумча чектөөлөрдү киргизүү эмес, мыйзамдын колдонуудагы ченемдерин, анын ичинде “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын регламентациялоо жана тактоо болуп саналат. Ага ылайык, банктар жана акча алмаштыруучу жайлар кардарларды текшерүү боюнча мыйзамдардын талаптарын аткарышы керек.

Эми долбоордун кээ бир ченемдерине кененирээк токтоло кетели.
Мисалы, алмашуу бюросунун жүгүртүү капиталына жараша нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү ченеми боюнча алсак, учурдагы Жобо алмашуу бюролоруна жүгүртүү капиталынын көлөмүнүн чегинде каалаган банктан нак чет өлкө валютасын сатып алууга мүмкүндүк берерин белгилей кетүү керек. Сунуш кылынган долбоордо алмашуу бюросу жүргүзгөн операциянын суммасы анын жүгүртүүдөгү капиталынан ашып кетсе, анда банк алмашуу бюросу менен келишим түзгөндөн мурда кошумча жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактарын ырастоочу документтерди алууга тийиш экендигин аныктаган эрежелер камтылган. Бул ченем “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдардын талаптарын аткарууга багытталган.

Ал эми, алмашуу бюросу ККМ дүмүрчөгү менен биргеликте операцияларды каттоо журналынын көчүрмөлөрүн берүүсү зарыл деген ченемге токтолсок, бул чара операциялардын ачык-айкындыгын жогорулатууга, тобокелдиктерди, анын ичинде террористтик ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди адалдоону кыскартууга багытталган. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, алмашуу бюролору контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга жана чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан операцияларды каттоо журналында көрсөтүүгө тийиш.

Азыркы тапта, санариптик мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейиши менен каттоо журналын электрондук түргө өткөрүү зарылдыгы жөнүндө эреже каралган. Бул өзгөртүү операциялардын ачыктыгын камсыздоого, операциялык тобокелдиктерди (кызматкердин каталарын) азайтуу, маалыматтарды иштеп чыгуу убактысын жана алмашуу бюролорунун айрым чыгымдарын кыскартууга багытталган.

Дагы бир баса белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасы эл аралык укуктун субъектиси катары терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча эл аралык конвенцияга, БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясына, кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топ жөнүндө макулдашуунун алкагында милдеттерге ээ. Ошондой эле, Кыргыз Республикасы Закавказье, Борбордук Азия жана Россия Федерациясынын Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин Регионалдык тобунун мүчөсү болуп саналат.
Эл аралык стандарттарды сактабоо өлкө үчүн жагымсыз кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Бул анын инвестициялык жагымдуулугуна терс таасирин тийгизиши ыктымал. Жергиликтүү коммерциялык банктар менен чет өлкөлүк банктардын кызматташуусуна тоскоолдуктарды жаратып, республиканын имиджин түшүрүшү мүмкүн.

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралынан 26-мартына чейин Жобонун долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Бул процесстин жүрүшүндө атайын тегерек стол (2023-жылдын 3-мартында) уюштурулуп, ага алмашуу бюролорунун өкүлдөрү катышкан. Анда Улуттук банк тарабынан ар бир пункт боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилген.

Учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан банктык жана банктык эмес сектордун катышуучуларынын коомдук талкуунун жүрүшүндө айтылган сунуштарын жана сын-пикирлерин кароо боюнча иш жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан