2013-жылы бюджеттик ссудалар жана чет мамлекеттик кредиттер боюнча чарбакер субъекттердин республикалык казынага карыздарды кайтаруудан түшкөн каражаты болжол менен 2 миллиард 120 миллион сомду түзөт.
Анын ичинен:
Негизги карыз |
Пайыздар жана айыптар |
1 миллиард 570 миллион сом |
550 миллион 35 миң сом |
Бюджеттик ссудалар жана чет мамлекеттик кредиттер боюнча чарбакер субъекттердин республикалык казынага 2013-жылдын 11 айында заёмдук каражаттарды кайтаруулары 2 миллиард 56 миллион сомду түздү.
Анын ичинен:
Негизги карыз |
Пайыздар жана айыптар |
1 миллиард 489 миллион сом |
567 миллион 33 миң сом |
Божомол кылынуучу көрсөткүчтөр валюталардын курсуна, калкыма чендердин (ставкаларды) көлөмүнө, инфляциянын деңгээлине түздөн-түз көз каранды жана карыздык милдеттенмелердин графиктерине ылайык карыздарды кайтаруунун, күтүлгөн көлөмдөрүн эске алуу менен аныкталат.
Бул туурасында Каржы министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 10-декабрда билдирди.