Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, милициянын запастагы майору Каим Исмаилов дүйнөдөн кайтты.
Каим Исмаилов 1923-жылдын 15-июль күнү Ош облусунун Ноокат районунун Кашкалдак айылында төрөлгөн.
1942-1946-жылдары СССРдин куралдуу күчтөрүнүн катарында Украина фронтунда фашисттик Германия менен күрөшкөн. Согуштан кайтып келгенден соң ички иштер органдарынын катарында кызмат өтөгөн.
Ички иштер органдарынын катарында 1950-жылдын май тартып 1975-жылдын май айына чейин төмөндөгү кенже, орто жана улук жетекчилик курамда кызмат өтөгөн.
Кыргыз ССРнин ИИМдин Кызыл-Кыя шаардык милиция бөлүмчөсүнүн опер кызматкер-аткычы, ИИМдин №5 түрмөсүнүн кызматкери, Ош шаардык милиция бөлүмчөсүнүн милиционери, милициянын участкалык уполномоченныйы, Араван райондук аткаруу комитетинин ички иштер бөлүмүнүн милициянын участкалык уполномоченныйы, Ош облустук аткаруу комитетинин ички иштер башкармалыгынын, Араван райондук күзөт бөлүмүнүн начальниги кызматтарында иштеген.
1975-жылдын май айында ички иштер органдарынан ардактуу эс алууга чыккан.
Улуу Ата Мекендик согуштагы көрсөткөн эрдиктери үчүн жогорку даражадагы ордень жана медалдарга, ошондой эле ички иштер органдарында кызмат өтөгөн убакта, кызматка болгон ак ниет мамилеси, тактыгы жана үлгүлүү кызмат өтөгөндүгү үчүн Кыргыз ССРнин ички иштер министрлигинин, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ар кандай сыйлыктарына татыктуу болгон.