"Ресторанда чай концерт өткөрөм" дейт 54 жашка чыккан ырчы Токтобүбү Черикчиева

Бүгүн, 5-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Токтобүбү Черикчиева 54 жашка чыкты. Ырчы айымды өздүк майрамы менен куттуктап, маанайын билүү үчүн байланышка чыктык.

"Куттуктоо үчүн рахмат. Биринчилерден болуп уулум, жолдошум куттуктады. Ооз жапканга чейин куттуктоолор келип уктаган жокмун. Азырынча белек ала элекмин, мен үчүн эң чоң белек жакындарымдан келген куттуктоолор. Буюрса, бүгүн кечке жуук борборубуздагы ресторандардын биринде жакын дос-туугандардын башын бириктирип, чай-концерт өткөрөм", - дейт ал.

Токтобүбү Черикчиева 1969-жылы 5-апрелде Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жарык дүйнөгө келген. 4-классынан баштап комуз ийримине катышып, 8-классында Самара Токтакунованын колуна түшүп, филармониянын алдындагы 2 жылдык студияга окууга өтөт. Окуп жүргөндө Эстебес Турсуналиевдин "Эл шайырлары" тобунда иштеп, алар менен гасторлго чыгып жүргөн. Ошондон тартып кыргыздын залкарлары Тууганбай Абдиев, Ашыраалы Айталиев, Толтой Мураталиев, Мыктыбек Үмөталиев менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк алган. Ал филармонияда 15 жыл эмгектенип, 2010-жылы кеткен.

Токтобүбү Черикчиева "Сүйүүңдү сүртүп кеттин", "Жалгыздыктан жадап бүттүм", "Биз экөөбүз", "Колукту" аталышындагы ырларды аткарып, элдин сүймөнчүгүнө айланган.

2020-жылы 28-августта мурунку президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Токтобүбү Черикчиева Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган. Сыйлыкты өлкө башчы Садыр Жапаров 2021-жылы 2-апрелде ырчы айымга тапшырган.

5-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан