"Адаштым". Мандатын тапшырган Жаныбек Абиров Жогорку Кеңешке келди

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Абиров бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынына келди.

Ал төрагадан трибунадан сөз сүйлөөгө уруксат сурады. Төрага Нурланбек Шакиев ага сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берди.

"Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт" демекчи ар бир адам адашат экен. Тилекке каршы, мен дагы адаштым. Менин катышуумдагы акыркы окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жаратты. Мен бул окуяны терең талдап, жоопкерчиликти сезип, Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбей өз каалоом менен мандатымды тапшырууну туура көрдүм", - деди Абиров.

Ошондой эле Абиров депутаттардын бардыгына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Эске сала кетсек, 12-мартта Жаныбек Абиров мушташка катышканы белгилүү болгон. Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылган.

Бул кадамы үчүн Абиров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элден кечирим сураган.

Ал эми 15-мартта Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировго карата кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн Башкы прокурор киргизген сунушту карап, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

27-мартта Жаныбек Абиров жоопкерчиликти сезип жатканын айтып, депутаттык мандатын тапшыра тургандыгын билдирген. Анын арызы БШКда каралып, Абиров мандатынан ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан