Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров трибунада сүйлөп жатып, коомчулуктан жана жабырлануучудан дагы бир жолу кечирим сурады.
"Жалпыңыздардын алдыңыздарда Аргенден жана анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан, ошондой эле мага ишеним көрсөткөн шайлоочуларымдан жана үй-бүлөмдөн чын жүрөктөн кечирим сурайм.
Сиздер менен биротоло коштошпоймун, жолугушканга чейин гана демекчимин", - деди Абиров.
Эске сала кетсек, 12-мартта Жаныбек Абиров мушташка катышканы белгилүү болгон. Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылган.
Бул кадамы үчүн Абиров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элден кечирим сураган.
Ал эми 15-мартта Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировго карата кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн Башкы прокурор киргизген сунушту карап, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.
27-мартта Жаныбек Абиров жоопкерчиликти сезип жатканын айтып, депутаттык мандатын тапшыра тургандыгын билдирген. Анын арызы БШКда каралып, Абиров мандатынан ажыратылган.