"Башаламан таштанды ыргыткандарга айып пул салынат". "Тазалык" эскертүү таратты

Бишкекте башаламан таштандыларды таштагандарга айып пул салына баштады. Бул тууралуу калаа бийлиги эскертет.

Маалым болгондой, калаада башаламан таштандыларды таштоо фактыларын аныктоо боюнча түнкү рейддер уланууда.

2 күндүн ичинде үч район боюнча 6 тартип бузуучу аныкталып, 45 миң сом айып пул салынды.

"Ишкананын көйгөйү өнөр жай таштандыларын акы төлөбөстөн, тымызын, көбүнчө түн ичинде таштанды челектерине таштоо болгон. Тигүү цехтеринин, мал союучу цехтердин калдыктарын, курулуш таштандыларын ыргытып жатышат. Бул көбүнчө жабдуулардын бузулушуна жана жүктөгүчтөрдүн ишинин көбөйүшүнө алып келет. Анткени мындай таштандыларды жүктөө 3 эсе көп убакытты талап кылат", - дешти "Тазалык" ишканасынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан