"Кара-Кече" көмүр кениндеги кырсыктын чоо-жайын иликтөө үчүн комиссия түзүлдү

Бүгүн, 10-декабрда Өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлүнүн демилгеси менен "Кара-Кече" көмүр кениндеги кырсыктын чоо-жайын иликтөө үчүн комиссия түзүлдү. Комиссия ӨКМ, ИИМ, Мамлекеттик техникалык инспекция, “Кыргыз көмүр” ишканасынын өкүлдөрүнүн курамынан түзүлгөн.    

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыкка учурагандар көмүр казып алуу үчүн түн ичинде уурданып кенге киришкен.    

Эске сала кетсек, бүгүн, 10-декабрда "Кара-Кече" көмүр кенинде уранды көчүп түшүп, эки ЗИЛ унаасын басып калган. Анын кесепетинен 3 адам каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан