Марлен Маматалиев баңги каражаттарын сатуу мектептерге чейин жеткенин айтты

Бүгүн, 5-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев баңги каражаттарын сатуу мектептерге чейин жеткенин айтып, бул маселеге тынчсызданды.

Эл өкүлү жакында эле коомчулукта резонанс жараткан “Принцесса Дури” аталышындагы баңгизат саткан интернет-дүкөндү эске салып, бул окуянын бир тарабы гана экенин, мындай көрүнүштөр акыркы убактарда көбөйүп жатканын белгиледи.

"Мектептерде курамында баңгизат бар момпосуйлар, клейлер сатылат экен. Алтургай 8-мартта балдар кыздарга электрондук тамеки белек кылган учурлар бар экен. Ушундай көрүнүштөр мектептерде аябай көп учурап жатат", - деди Маматалиев.

Ошондой эле ал аталган маселе боюнча парламенттик угуу кылууну сунуштап, тийиштүү комитетке поротоколдук тапшырма берди.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарга интернет-дүкөндө баңгизат жеткирип иштеп жүрүп алдап кеткен балдарды сабап, кечирим сураттырып жаткан видео тарап, коомчулукта кызуу талкууга алынган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, үч адам кармалды.

Жогорку Кеңеш 05.04.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан