Социалдык тармактарда белгисиз жарандарды сабап жаткан видео боюнча баңги топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн,4-апрелде ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 26-мартында социалдык тармактарда күрөөчүлөр делген жарандарды белгисиз адамдар сабап жаткан видео жарыяланып, коомчулукта чоң резонанс жараткан. Аталган кылмыш иши ИИМдин башчысы тарабынан көзөмөлгө алынган.
"Козголгон кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырып, күрөөчүлөрдү ээн жерлерге алып барып, сабап, “Принцесса Дури” аталышындагы интернет-дүкөнүнөн уурдалган баңгизаты үчүн кечирим суроого мажбурлашкандарга карата ыкчам–иликтөө иш-чараларынын жүргүзүшкөн.
Бул көрүнүштү шектүүлөр камерага тартып, кураторлоруна жөнөтүшкөн. 3-апрель күнү атайын операциялар отрядынын колдоосу менен 2001-жылы туулган А.у.Г. 2000-жылы туулган К.Т. жана 2004-жылы туулган К.А. кармалган. Шектүүлөрдүн жашаган жерлеринде ыкчам иликтөө иш-чаралары жана тинтүү иштери жүргүзүлүп, буюм далилдери алынган.
Баңги топтун башка мүчөлөрүнүн аты-жөнү такталып, атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө. Белгилей кетсек, бул факты боюнча кылмыш иши козголгон, анда мүлкүн алып коюу менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы топтун ишмердүүлүгүнөн жапа чеккен жарандарды жакын жайгашкан милиция бөлүмүнө кайрылууга чакырат", - деп жазылат маалыматта.