Опера ырчысы Сталбек Алмасбеков дүйнө салды

Бүгүн, 5-апрелде көрүнүктүү опера ырчысы Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбеков дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Сталбек Алмасбековдун ысымы республикадагы опера искусствосунун көп сандаган күйөрмандарына жакшы белгилүү.

Сталбек Алмасбеков 1953-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылында туулган.

Чаек орто мектебин аяктагандан кийин жана Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөндөн кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайда окуган, ал эми 1979-1983-жылдары Курмангазы атындагы Алмата мамлекеттик консерваториясында музыкалык билим алган. Аталган окууну аяктагандан баштап, азыркы мезгилге чейин Кыргыз улуттук опера жана балет театрында солист-алдыңкы сахна чебери болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан