"Элди экиге бөлбөйлү". Балбак Түлөбаев жеңилдетилген насыя элге жетпей жатканын айтты

Карапайым эл жеңилдетилген насыя ала албай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев билдирди.

"Насыя боюнча эл аябай нааразы болууда. "6 пайыз үстөк менен насыя берилүүдө" деп жатабыз, бирок элге жетпей жатпайбы. "Баягылар эле алып алды" деп нааразы болуп жатышат. Эми мурда иштеп жүргөндөр жолун билет экен да. Карапайым элге жеткирүүнүн жолун издеш керек болуп жатат. Болбосо жөн эле коюш керек, элди экиге бөлбөй", - деди Түлөбаев.

Белгилей кетсек, бул маселе парламенттин кечээ күнкү жыйынында да көтөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан