Жогорку Кеңеш каржы пирамидасын жарнамалагандарды жоопко тартуу мыйзамын кабыл алды

Жогорку Кеңеш 5-апрелдеги жыйынында каржы пирамидасын жарнама кылган адамдарды жоопко тартуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Ага ылайык, мыйзамсыз каржы пирамидасын жарнама кылгандарга 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салынат же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Документ президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Демилгечи депутаттар Шаирбек Ташиев менен Айбек Маткеримов.

Буга чейинки жыйындарда белгилүү болгондой, өткөн жылы финансы пирамидалары боюнча 882 кылмыш иши козголуп, 1 052 адам зыян тарткан.

ИИМ элди оңой киреше табууну сунуш кылган каржы пирамидаларына алданбоого чакырып, алардын иши мыйзамсыз экенин айтып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Омурзак
2023-04-06 14:08:00
Давно киргизиш керек болчу ушул мыйзамды оной акча тапканды уйротобуз деп канчасын алдап курутуп жатышат ошо байып кетесин деп пирамиданы мактагандардын котуно бир тепсен коко тыйын тушпойт дагы рекламаны келтирип макташат эч качан женил оной акча болбойт оной акча алдоо жолу мн и уурулук жолу менен табылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан