"Z-Explorer" компаниясын жергиликтүү тургундардын материалдык чыгымдарын төлөтүү талабы айтылды

Z-Explorer компаниясы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Майдан айылынын жашоочуларына келтирген материалдык чыгымдарды төлөп бериши керек. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана кен иштетүү комитетинин жыйынында депутат Райкан Төлөгөнов билдирди.

“Маалыматыбыз боюнча аталган компания Шамбесай кенинде казуу иштерин жүргүзгөн. Анын натыйжасында жергиликтүү жашоочулардын үйлөрүндө жарака пайда болгон. Ушуга байланыштуу мамлекет компания менен биргеликте Майдан айылынын жашоочуларына материалдык чыгымды төлөп берсин”,- деди  ал. 

Мындан сырткары “Кен Кыргызстанга тиешелүү болгондуктан, жашоочулар лицензияны жокко чыгарууну талап кылууга укуктары жок” деп кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан