Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери сүйлөшүп, кыргыз тарап тажик тарапка кирип кеткен жылкыны кайтарып алды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-мартка караган түнү саат 02:00 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын 37 жаштагы тургунунун жылкысы байланып турган жеринен бошонуп кетип, коңшулаш Тажикстандын Согди облусунун Исфара районунун Лаккан айыл аймагына кирип кеткен.
Кара-Бак айылдык милиция бөлүмчөсү менен Согди облусунун Исфара РИИБдин милиция кызматкерлери сүйлөшүүлөрдүн негизинде 2023-жылдын 6-апрель күнү кыргыз тараптын тажик тарапка өтүп кеткен жылкысы кайтарылып, өз ээсине тапшырылган.
Эки өлкөнүн милиция кызматкерлери чек ара аймактарында эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга мал жандыктарына сак болуусун эскертип, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөнү колго алган.