Балыкчы - Чолпон-Ата темир жолун курууга даярдыктар жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда "Кыргыз темир жолу" ишканасынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.
Ал токтолгон жагдайлар:
- Темир жолду салуу үчүн жер бөлүштүрүү иштери турат. Бул иш алгач Балыкчы шаарынан башталат.
- Көпүрө куруучулардын базасы курулуп бүткөн.
- Темир жол Балыкчыдан чыккандан кийин Сары-Камыш айылынын үстүнөн өтүп, андан ары тоо этектеп кетет.
- Айылдардын баш жагына жүргүнчүлөр үчүн аялдамалар салынат.