Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун алкагында өлкө аймагында 50 көпүрө курулат. Бул тууралуу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу компаниясынын башкы директорунун орун басары Улан Кулов "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.
Анын айтымында, көпүрөлөрдүн жалпы узундугу 25 чакырымды түзөт. Кулов ошондой эле долбоордо 29 туннель куруу каралганын белгилеп, алардын жалпы узундугу 104 чакырым экенин кошумчалады.