Балыкчыда 45 үй-бүлөгө ишкерлик баштоо үчүн каражат берилди

Балыкчы шаарында аз камсыз болгон 45 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Ага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова, Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Эмгек министрлигинен кабарлагандай, каражат "социалдык келишим" долбоорунун алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чакан ишкерлик баштоо үчүн берилген.
«Өткөн жылы социалдык контракттардын аткарылышы боюнча жүргүзгөн мониторингибиздин жыйынтыгы боюнча бардык бизнес долбоорлордун 17 пайызы кызмат көрсөтүү жана соода тармагында ишке ашырылган. Бул багыт өзгөчө туристтик Ысык-Көл облусунда маанилүү, ал жерде Балыкчы сыяктуу шаарлардын базасында туристтик борборлорду жана кластерлерди түзүү пландаштырылууда» - деп белгилеген Полотова.
Аталган долбоор муктаж болгон жарандарды жеке ишкерлик кылууга мүмкүндүк берет. Алар өздөрү гана киреше таппастан, ар бир социалдык контракттын алкагында 2-3 жумуш орундарын түзүшөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан