Кыргыз Эл артисти Сталбек Алмасбековдун сөөгү "Ала Арча" көрүстөнүнө коюлду

Бүгүн, 7-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Сталбек Алмасбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министри Алтынбек Максутов баштаган бийлик өкүлдөрү, маданият чөйрөсүндөгү көрүнүктүү инсандар жана театрда иштешкен кесиптештери, туугандары катышты.

Маалым болгондой, маркумдун сөөгү "Ала Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Эске салсак, Кыргыз Эл артисти Сталбек Алмасбеков 5-апрелде дүйнө салган.

Сталбек Алмасбековдун үнү кооздугу жагынан бай жана кайталангыс тембрге ээ болгон. Ал Джузеппе Вердинин “Аида”, “Отелло”, Жорж Бизенин "Кармен", Пётр Чайковскийдин “Пиковая дама”, Паяцы", Пьетро Масканьинин " Чио-Чио-Сан", Джакомо Пуччинин "Джанни Скикки", Абдылас Малдыбаевдин, Владимир Власовдун жана Владимир Ференин "Манас"," Айчүрөк", "Токтогул" жана "Ажал ордуна" чыгармаларында опера ролдорду ойногон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан