Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө старт алды.
Азия чемпиондугуна 77 килограмм салмакта катышкан Акжол Махмудов финалга чейин жетип, анда коңшу казакстандык Максат Ережепов менен кез келди.
Биринчи бөлүктө Акжол Махмудов пассивдүү күрөш алып барганы үчүн атаандашка 1 упай берилип, кыргыз балбаны партерге коюлду. Анда Ережепов упай ала алган жок.
Экинчи бөлүктө атаандаш пассивдүү күрөшкөнү үчүн партерге коюлду. Андан Акжол Махмудов 2 упай алды.
Жыйынтыгында Акжол Махмудов 3:1 эсебинде жеңишке жетти.
Муну менен Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта экинчи ирет Азия чемпиону аталды.