Базар-Коргон районунун Ак-Булак айылында дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы өспүрүмдү издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында айтылат.
Кабарга ылайык, ал 31-мартта үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат.
Кечээ, 9-апрелде издөө иштерине 15 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган.
Бүгүн издөө иши улантылат.