"Ысык-Көлгө Чыгыш автобекетинен". Бишкектен аймактарга каттаган таксилер эки бекетке бөлүштүрүлөт

Борбордон аймактарга каттаган такси каттамдары Бишкектеги эки чоң автобекетке бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чыгыш багытка тактап айтканда, Ысык-Көл, Нарын, Токмок, Кеминге каттаган таксилер Чыгыш автобекетинин аймагында, ал эми Суусамыр, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткенге каттаган таксилер Батыш автобекетинин аймагында жайгашат.

Мындай чаралар жол кыймылынын коопсуздугун жана иреттүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле Батыш автобекетинин жанындагы иретсиз токтотууларды жоюу максатында жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектин Батыш автобекетиндеги башаламан унаа токтотуучу жай алынып жатканы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан