Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев Ирандын Орусиядагы элчиси Казем Жалалинин менен жолугушту.
Маалыматка ылайык, 7-апрелде өткөн жолугушууда Арзыбек Кожошев менен Казем Жалали Түндүк-Түштүк эл аралык транспорт коридорун өнүктүрүү, Перс булуңунун портторуна жүк ташуу үчүн эң үзгүлтүксүз жана ыңгайлуу жолду түзүү жана Ирандын ортосундагы логистикалык потенциалды ачууда кызматташууну өнүктүрүүнүн актуалдуулугун баса белгилешти.
ЕЭК министри транспорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү Ирандын жана Биримдик өлкөлөрүнүн экономикасына оң таасирин тийгизерине ишенимин билдирди.
"Өзүнчө деңиз жолдоруна түз чыга албаган Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн Бендер-Абас (Иран) портуна кирүү маселеси көтөрүлүп, бул контекстте Арзыбек Кожошев Кытай-Кыргызстандын курулушунун стратегиялык маанисин белгиледи. Өз кезегинде Казем Жалали Иран Борбор Азия өлкөлөрүнө жана ЕАЭБге эл аралык деңиз жолдоруна, Ирандын портторуна чыгуу үчүн шарттарды түзүүдө мындан ары да ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле кызматташтыкты улантуу, анын ичинде Ирандын транспорт жана шаар куруу министри менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча жолугушууларды өткөрүү боюнча макулдашылганы кошумчаланды.