Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Адам укуктарын коргоо күнү менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-декабрда кыргызстандыктарды Адам укуктарын коргоо күнү менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөнкүдөй:

“Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарды Адам укуктарын коргоо күнү жана 1948-жылдын 10-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган Адам укугунун жалпы декларациясынын 65 жылдык мааракеси менен  куттуктайм.

Эгемендик жылдарында Кыргызстан көптөгөн сыноолорду баштан кечирди. Карапайым мекендештерибиздин эмгеги, Кыргызстандын жаркын келечегине болгон зор ишеними мамлекеттүүлүгүбүздү, элибиздин биримдигин сактап калды. Адам укуктарын негизги баалуулук катары таанытуу үчүн, ар бир жараныбыз улутуна, динине жана социалдык статусуна карабастан тең укуктуу, мыйзам алдында бирдей жоопкер болушу үчүн Кыргызстан көптөгөн жоготууларга учурады.

Биз Борбордук Азия аймагында биринчи болуп парламенттик демократияга багыт алдык. Алгачкы кадамдар жасалды, бирок алдыда көптөгөн милдеттер турат. Мыйзамды урматтаганды үйрөнүшүбүз зарыл. Жоопкерчиликсиз эркиндик болбойт, мыйзамдын диктатурасы гана бизди чыныгы эркиндикке жеткире алат. Биз алдыга койгон бийик максатыбызга жетүүгө, эркин, көз карандысыз жана гүлдөп өнүккөн мамлекет курууга милдеттүүбүз.

Баарыңыздардын үй-бүлөңүздөргө бакубатчылык жана ынтымак, Кыргызстаныбызга тынчтык жана өнүгүү каалайм!”

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан