УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев менен мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге карата кылмыш иши козголгон эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана Укук тартиби боюнча комитеттеринин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев айтты.
"Мен былтыр дагы айтсам керек эле, бул эки адам боюнча иш козголгон эмес. Жалпы октябрь окуялары боюнча кылмыш иши тергелип жатат", - деди Зулушев.
Ошондой эле ички иштер министрлиги жана Коопсуздук кызматы дагы Опумбаев менен Жунушалиевге карата иш козголбогонун айтты.