Кыргызстандык майор Москвада өткөн Дүйнө Кубогунда коло байге утту

Москвада өткөн кармашып урушуу боюнча Дүйнө кубогунда майор Ринат Байшериев үчүнчү орунду ээледи.

Дүйнө Кубогу 7-9-апрель күндөрү Москва шаарындагы Ирина Винер-Усманованын Гимнастика сарайында болуп өттү.

Бул спорттук иш-чара Москвада экинчи жолу өткөрүлүп, мелдешке 21 өлкөдөн 300дөн ашык спортчу катышкан. Ага Кыргызстандан дагы спортчулар барган. Алардын бири ИИМдин Ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн командири майор Ринат Байшериев.

"Дүйнө кубогунда Кыргыз Республикасынын желегин татыктуу көтөрүп, дүйнө элинин алдында күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн жана эрктүүлүгүн жогорку деңгээлде көрсөткөн майор Ринат Байшериев 95, 95 килограммдан жогору салмак категориясында күч сынашып, 3-орунду багындырып кайтты", - деп билдиришти ИИМден.

Белгилей кетсек, Ринат Байшериев кармашып урушуу боюнча дүйнөлүк кубокко экинчи жолу катышып, анда да байгелүү орунду ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-04-11 22:12:00
муну укканда абдан кубанычтамын..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан